21 март 2024
Кароолор: (77)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Аба ырайына байланыштуу пландалган иш-чаранын расмий жана концерттик бөлүгү борбордук аянтта эмес Барпы театрында өткөрүлдү. Ал эми “Эркиндик” аянтында улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси уюштурулду.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышты.
Анда министр Бообек Ажикеев Президенттин атынан калаа тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктап, өлкөдөгү өзөктүү өзгөрүүлөргө токтолду.
Иш-чарада сахналаштырылган көрүнүш, алас айтуу жөрөлгөсү орун алды. Андан соң саамалык концерттик программа менен коштолуп, ыр-бийлер аткарылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз