10 сентябрь 2022

Кароолор: (97)

Жалал-Абад шаарында нан азыктарынын калдыгы үчүн атайын контейнерлер орнотулду

Жалал-Абад шаарында демөөрчүлөрдүн көмөгү менен нан азыктарынын калдыктары үчүн атайын контейнерлер орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад тазалык мекемесинин жетекчиси Айбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, атайын контейнерлер калаадагы таштанды таштоочу 60 жайга орнотулган.

«Акыркы учурда калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы таштанды таштоочу контейнерлерге күнүмдүк таштандыдан сырткары тамак-аштын калдыктары ташталып келет. Мындан улам калаадагы ыктыярчы балдар биздин мекемеге келип, нан азыктары убал болуп жатканын айтып, демөөчүлүк кылып, атайын нан үчүн гана контейнер орнотуу тууралуу кайрылышкан. Мен макул болуп, 50 жайга орнотушту. Мында биринчиден нан ар кандай таштандыга кошулуп, убал болбойт. Экинчиден аны малга тоют катары пайдаланса болот экен. Азыр шаар тургундары нан азыктарын өзүнчө таштап көнүп калды.

Аны менен бирге калаадагы таштанды контейнерлерин да жаңылап жатабыз. Буга чейин “Жаратылышты өнүктүрүү” фондунун көмөгү менен чоң долбоорго катышканбыз. Анын жалпы суммасы 11 млн сом, 60% пайызы фонд тарабынан каржыланса, калган 40% пайызы, тагыраагы 4 млн 600 миң сому өздүк салым катары которуп бергенбиз. Анын алкагында шаар боюнча 296 контейнер жана 63 навес курулган. Ушул тапта үстү жабык, баллондору бар жаңы контейнерлерди орнотуу жумуштары дээрлик аягына чыгып калды», - деди мекеменин жетекчиси А.Жолдошев.

Жалал-Абад шаардык тазалык муниципиалдык мекемесинде жалпы 136 кызматкер эмгектенет. Ишкананын карамагында 33 техника бар, алардын 8и колдонуудан чыгып калган.