26 август 2024

Кароолор: (65)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

  26-август күнү Жалал-Абад шаарында “Билим берүүгө 100 жыл; Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор" аталышындагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Уларкан Бекешова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.

 Шаар мэри агартуучулардын иши түйшүктүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырып, жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, билим берүү тармагына жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ири суммадагы каражат бөлүнө тургандыгын айтып, ага карабай күтүлгөн жыйынтык чыкпай жатканын белгилеп, билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана мугалимдерге балдардын билим сапатын жакшыртуу талабын койду.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп бар. Быйыл мектептерге 1-класска 3 миңден ашуун окуучу кабыл алынат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз