24 март 2025
Кароолор: (88)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН “ДЕН-СООЛУК 2025” СПАРТАКИДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук 2025” аталышындагы спартакида жыйынтыкталды.
Иш-чарага мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, шаардык кеңештин депутаты Жыпар Аманкулова, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Акылбек Таңатаров жана мектеп мугалимдери катышты.
Спартакиадага Жалал-Абад шаарындагы мектептерден жалпы 337 мугалим катышып, спорттун 7 түрүнөн күч сынашты. Жыйынтыгыгында 1-2-3-орунду ээлеген командаларга грамоталар жана баалуу белектер тапшырылып, республикалык турга жолдомо алышты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз