18 март 2025

Кароолор: (50)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕР АРАСЫНДА “ДЕН-СООЛУК 2025” АТАЛЫШЫНДАГЫ СПАРТАКИДА ӨТҮП ЖАТАТ

 Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан, мугалимдер арасында уюштурулган “Ден-соолук 2025” аталышындагы спартакида старт алды.

 Иш-чарага билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Акылбек Таңатаров, башкы калыс Шермамат Арзыкулов жана мектеп мугалимдери катышты.

 Спартакиадага Жалал-Абад шаарындагы мектептерден жалпы 337 мугалим катышууда. Алар шахмат, тогуз коргоол, ордо, теннис, волейбол, кичи-футбол, стритбол түрлөрү боюнча күч сынашууда.

 Белгилей кетсек, аталган спартакиаданы өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого Жалал-Абад шарынын жергиликтүү бюджетинен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

 "Ден соолук 2025” спартакидасынын жыйынтыгы 20-мартта чыгарылат. Жеңүүчү болгон командалар республикалык спартакиадага жолдомо алышат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз