01 ноябрь 2023

Кароолор: (64)

Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

 Бүгүн, 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын коомдук-коопсуздугун камсыздоого салымын кошкон бир катар кызматкерлер Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова тапшырды. Алар сыйлык тапшырып жатып, калаада коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулуктун алдын алууда жана катталган кылмыш иштеринин бетин ачууда милиция кызматкерлеринин орду чоң экендигин белгилеп, кесиптик майрамдары менен куттукташты.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн дагы бир катар кызматкерлерине ИИМдин медалдары, Жалал-Абад ОИИБдин Ардак грамоталары, келген коноктордун сыйлыктары тапшырылды.

 Белгилей кетсек, ушундай эле майрамдык иш-чара Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында да уюштурулуп, Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова шаар бийлигинин атынан Ардак грамоталарды тапшырып, шаар мэринин атынан милиция кызматкерлерин куттуктады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз