25 декабрь 2024
Кароолор: (192)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МЭРДИН БАЛАТЫСЫ ӨТТҮ

24-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Жалал-Абад шаарынын мэринин жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.
Балаты майрамына мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, ата-энесинен жана камкорчуларынан ажыраган, окууда ийгилик жараткан 300дөй бала катышты. Аларды шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырышты.
Ошондой эле, балатыга келген балдарга Барпы театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган жомок, ыр-бийлер тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз