21 февраль 2025
Кароолор: (102)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАКЫН ЖАЙГАШКАН ДҮКӨНДӨРГӨ РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, шаардык кеңештин депутаттарынан жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен турган комиссиялык топ шаардагы мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө рейд жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү жаш балдар көп алуучу азыктардын сертификаттары, курамы жана жарамдуулук мөөнөтү текшерилип, сапаты талапка жооп бербеген, курамы күмөн жараткан жана балдардын ден соолугуна кооптуу делген таттууларды, азык-түлүктөрдү
сатпоо талабы коюлуп, эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле, 18 жашка толбогон өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды
сатууга тыюу салынаары жана дүкөндөрдүн айланасын таза кармоо керектиги эскертилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз