11 март 2023
Кароолор: (130)
Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өтүп жатат

Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өтүп жатат. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышууда.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалууда.
Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз