25 июнь 2024
Кароолор: (57)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

Бүгүн, 15-июнь күнү, Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.
Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-июлга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында апта сайын ишембилик өткөрүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз