13 май 2023

Кароолор: (52)

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

 Бүгүн, 13-май күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери, “Doing good” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Индия жана Пакистандан келген студенттер катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.

 Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз