08 апрель 2023

Кароолор: (56)

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Бүгүн, 8-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, билим берүү кызматкерлери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.

Эскерте кетсек, мэрдин  буйругуна ылайык, 1-марттан  1-июнга чейин, шаарды  тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу,  санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.