03 апрель 2023

Кароолор: (54)

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

  1-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалды.

 Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз