18 март 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

 
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар актап-сырдалып, 1300 даана каштан дарагынын көчөтү эгилди.
Эскерте кетсек, мэрдин  буйругуна ылайык, 1-марттан  1-июнга чейин, шаарды  тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу,  санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз