17 март 2025

Кароолор: (39)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ

 Ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, депутаттар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышты.

 Ишембиликтин алкагында шаар мэри Эрнисбек Ормоков "Достук" паркында көчөт отургузууга катышты.

 Ишембиликтин жүрүшүндө шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланып, бак-дарактар акталды.

 Эскерте кетсек, мэрдин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз