18 ноябрь 2024

Кароолор: (160)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАРАФОН ӨТТҮ

  15-ноябрда Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын алдында мектеп окуучуларынын катышуусунда эстафета жана марафон уюштрулду.

 Иш-чара Евразия кызматташтык Уюмунун VIII эл аралык “Евразиялык билим берүү көргөзмөсүнүн” алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

 Спорттук иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Евразия кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү жана Жалал-Абад шаарындагы мектептептердин 10-11-класстарынан жалпы 1500дөй окуучу катышты.

 Эстафетада жана марафондо биринчи болуп келгендерге уюштуруучулар тарабынан белектер ташырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз