14 апрель 2023
Кароолор: (59)
Жалал-Абад шаарында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы өтүп жатат

Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад шаарындагы № 5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында окуучулар арасында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын облустук баскычы өтүп жатат. Телетаймашка район-шаарлардан жеңишке жеткен командалар катышууда.
Аталган сынакка Жалал-Абад шаарынан “Манас таануу” боюнча №1 М.Бабкин жана №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын командалары, “Манас айтуу” боюнча 6 мектептин командасы катышууда.
Аталган телетаймаш бала бакчалар арасында да өтүп жатат. Ага шаарбыздагы №17 “Каакым” балдар бакчасы катышууда.
Жеңүүчү болгон командалар ушул жылдын май айында өтүүчү республикалык телетаймашта Жалал-Абад облусунун намысын коргойт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз