23 июнь 2023

Кароолор: (75)

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Жалал-Абад шаардык мэриясында 23-июнь- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди. Майрамдык салтанатка Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жигердүү салым кошкон кызматкерлерге Ардак гамоталарды тапшырышты.

 Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип келет.