02 март 2024
Кароолор: (89)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы белгиленип, Аюб-Тоо тоосундагы флагштокто жаңы тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, шаар тургундары, окуу жайлардын студенттери катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы, 5-март-Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен жалпы элди куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында 500 дөй адам шаардан флагштокко чейин жөө жүрүш жасашты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз