03 март 2023

Кароолор: (243)

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди

 

   Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, студенттер жана окуучулар катышты.

 Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен жалпы элди куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чарада жөө жүрүш, салтанаттуу аскердик парад өтүп, чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз