23 сентябрь 2023
Кароолор: (59)
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилдин 34 жылдыгы белгиленди

22-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгы белгиленди.
Майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Уларкан Бекешова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Үпөл Асаналиева, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуу жайлардын студенттери катышты.
“Кыргыз тили түгөнбөгөн казына, аны муундан-муунга калтыруу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Тилге болгон сый-урмат түбөлүк өчпөсүн”,-деген шаар мэринин куттуктоосун жолдогон Гүлбарчын Таштанбекова кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге “Ыраазычылык баракчаларын” тапшырды.
Белгилей кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамы кабыл алынган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз