26 сентябрь 2024
Кароолор: (22)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
23-сентрябрда облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы салтанатуу түрдө белгиленди.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетечилери, маданият кызматкерлери, студенттер жана шаар тургундары катышты.
Анда мамлеткеттик тилди даңазалган көркөм окуу, баяндамалар, ыр-күүлөр жаңырды.
Шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова мамлекеттик тил майрамынын 35 жылдыгы менен куттуктап, мамлекеттик тилди даңазалоого салым кошкон бир катар жетекчилерди, кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз