19 сентябрь 2024
Кароолор: (115)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАЛ ЭТИН ЖАНА КОЙ ЭТИН 560-600 СОМДОН ЖОГОРУЛАТПАЙ САТУУ ЧЕЧИМИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

18-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү жана эт саткан соодагерлер менен жыйын өткөрдү. Жыйында учурда эттин баасы кескин жогорулап жаткандыгы белгиленип, соодагерлерге бааларды негизсиз жогорулатып жатышкандыгы түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, кунажын этинин 1кг мын 560 сомдон, букалардын жана койдун этин 1кг мын 600 сомдон сатуу боюнча сатуучулар менен макулдашылды. Эгерде сатуучулар жогорудагы баадан жогорулатса, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизиле тургандыгы айтылды.
Учурда эттин баасын көзөмөлдөө боюнча республикалык деңгээлде иш-аракеттер жүрүп жатат. Тагыраагы, мал-жандыктарды чет өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салынып, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз