03 ноябрь 2023
Кароолор: (65)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 3-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жалал-Абад шаарында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.
Шаар мэри жана төрага журналисттер коомдун күзгүсү экенин баса белгилеп, түйшүктүү жана сыймыктуу иштерине ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле, бир катар ММК кызматкерлерине Ардак грамоталарды жана Алкыш баракчаларды тапшырышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын 7-ноябрь күнү Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз