30 сентябрь 2024
Кароолор: (22)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА АТАЙЫН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
27-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага КР ӨКМнин КжАКБнын башчысы полковник Асан Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйрагым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамсалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, облустук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, шаар тургундары жана студенттер катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Бул иш-чаранын негизги максаты - жарандарыбызды өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, техногендик жана табигый кырсыктардан сактоо, ошондой эле, элибиздин жарандык коргонуу жаатындагы аң-сезимин жогорулатуу болуп саналат",-деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча 5-сентябрдан 5-октябрга чейин бир айлык иш-чара өтүп жатат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз