05 август 2024

Кароолор: (67)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫНЫН КИЧИ ФУТБОЛ БОЮНЧА ДОСТУК БЕТТЕШИ ӨТТҮ

  2-август күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин кичи футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Спорттук иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, эки элдин достугун бекемдеген мындай спорттук жана маданий иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

 Спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери, Өзбекстандын Наманган жана Андижан облустарынан келген Чек ара кызматкерлеринен жалпы 5 команда катышты.

 Эске салсак, аталган спорттук иш-чара өткөн жылы Өзбекстанда уюштурулган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз