04 ноябрь 2024
Кароолор: (81)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
1-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу гарнизондук саптык тизилүү жана салтанаттуу жүрүш болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов милиция кызматкерлери, тармактын ардагерлери, укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.
Уларбек Исмаилов милиция кызматкерлеринин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, өлкөбүздөгү коомдук-коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлеринин эмгеги зор экендигин баса белгиледи. Ошондой эле бир катар кызматкерлерге мэриянын Ардак грамоталарын тапшырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз