03 июнь 2024
Кароолор: (64)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КҮРӨШ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТҮП ЖАТАТ

1-июнь күнү Жалал-Абад шаарында Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине арналган жана балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата күрөштүн грек-рим түрү боюнча 15-эл аралык мелдеш башталды.
Иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын денен тарбия жана спрот бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, мэриянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, Раатбек Санатбаев спорт мектебинин директору Чынгыз Пиримкулов, спортчулар жана коноктор катышты.
Мелдеш жаш өспүрүмдөр арасында уюштурулуп, Кыргызстандын аймактарынан жана Өзбекстандан келген жалпы 300 дөй бала күч сынашууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз