22 май 2024
Кароолор: (92)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “КООПСУЗДУК БИРИНЧИ ОРУНДА” АТТУУ ФОРУМ ӨТТҮ

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесипттик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан облустук масштабдагы “Коопсуздук биринчи орунда” аталышындагы форуму болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Форумдун негизги максаты - облус аймагында эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз