04 май 2023

Кароолор: (53)

Жалал-Абад шаарында Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

 Бүгүн, 4-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: “Учурда баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп жатат”,- деп белгиледи.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын биринчи конституциясы мындан туура 30 жыл мурда, тагыраагы, 1993-жылы 5-май күнү кабыл алынган.