16 апрель 2024

Кароолор: (78)

Жалал-Абад шаарында кичи автобустар каттамдардан алына баштады

 Жалал-Абад шаарында 5 маршруттук каттамдын (108, 109, 110, 103, 104) ишмердүүлүгү токтотулду. Алардын ордуна калаага келген жаңы автобустар жана электробустар толугу менен жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын аткарууга өттү. Ал эми калган маршруттук каттамдар экинчи этапта каттамдан алынат.

 Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобазасынын жетекчиси Афтандил Максутов билдиргендей, калаа аймагында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө автобустар жетиштүү. Алар 8-10 мүнөт аралык менен каттап жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз