10 февраль 2025
Кароолор: (117)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КАРТОШКАНЫН КИЛОГРАММЫ 50 СОМДОН САТЫЛУУДА

Элди арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин "Кыргыз Агрохолдинг" ишканасы тарабынан "Береке" базарында (коон-дарбыз сатылуучу бөлүгүндө) арзан баада картошка сатылууда. Алдыда арзан баадагы картошка Курманбек көчөсү №8 дарегиндеги муниципалдык базарда да сатыла баштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан элди арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо максатында Курманбек көчөсү №8 дарегиндеги муниципалдык базарда атайын дүкөн уюштурулган болчу. Ал жерде 1-сорттогу ундун бир мүшөгү (50 кг) 1300 сомдон, 5 литр өсүмдүк майы 580 сомдон жана кумшекердин 1 килограммы 60 сомдон сатылууда.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз