03 декабрь 2024
Кароолор: (173)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРҮЛГӨН РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК БОРБОР ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарынын М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыгында бир топ жылдардан бери иштебей турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Жалал-Абад шарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, ЮНИСЕФ тин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, борбордун эмгек жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шартын жакшыртуу биздин эң негизги милдеттерибиздин бири! Андыктан, бул жайда эмгектенген ар бир кызматкер мында келген балдарга жана алардын ата-энелерине аяр мамиле жасап, жогорку кесипкөйлүк менен кызмат көрсөтүшү зарыл. Анткени, өзгөчө муктаждыктары бар жарандар коомдун ажырагыс бөлүгү катары каралат жана ар дайым мамлекеттин көзөмөлүндө болот,"- деп баса белгиледи.
Ошондой эле, борборду оңдоп-түзөөгө салым кошкон ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапага ыраазычылык билдирип, шаар бийлиги элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган бардык долбоорлорду колдоого алып, демөөрчүлөр менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, аталган борбор Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун карамагына өткөрүлгөн. Учурда борбордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын массаж алып, логопеддин жардамын алып, ден соолуктарын чыңдоосуна шарт түзүлгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз