18 март 2023

Кароолор: (51)

Жалал-Абад шаарында “JIGER 2023” бизнес-форуму өттү

Иш-чарага КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, өлкөнүн 7 облусунан келген жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Форумда ишкерликтеги инновациялар, санарип, жашыл жана креативдүү, заманбап экономика тууралуу маалымат берилип, келген спикерлер жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жаатында маалыматтарды беришти. Мындан сырткары өндүрүштүк ишканалардын көргөзмөсү уюштурулду.

 Аталган бизнес-форумга 500дөн ашык  бизнес өкүлдөрү катышты.