03 июль 2023

Кароолор: (53)

Жалал-Абад шаарында IT борбор курулуп жатат

 Жалал-Абад шаарынын Жусуп Бакиев көчөсүндө 3 кабаттан турган заманбап жаштардын инновациялык технологиялар борборунун (IT) курулушу жүрүп жатат. Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен, 64 млн. 500 миң сомго курулууда. IT борборду “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Анын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болуп калмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз