27 апрель 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад шаарында инновациялык IT борбор курулат

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борборунун жана «IT-RUN» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков IT тармагын өнүктүрүү учурдун талабы экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык мэриясы, Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана «IT-RUN» жоопкерчилиги чектелген коому кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту. Меморандумга ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясы IT борбор үчүн жер тилкесин бөлүп, имарат куруп берет. Ал эми «IT-RUN» ЖЧКсы окуу процессин уюштуруп, заманбап технологиялар менен жабдып, ата мекендик жана чет элдик IT тренерлерди тартуу менен окутууларды уюштурат.

Белгилей кетсек, аталган борборду куруу республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдон каржыланат.