20 июль 2023
Кароолор: (50)
Жалал-Абад шаарында футзал боюнча мэрдин кубогуна арналган эл аралык турнир өттү

Бүгүн, 20-июлда 9-10 жаштагы өспүрүмдөр арасында футзал боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогуна арналган биринчи эл аралык турнир жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмунүн башчысы Таласбек Нуралиев катышып, жеңишке жеткен командаларга кубок, медалдарды, ыраазычылык баракчаларды жана баалуу белектерди тапшырышты.
3 күнгө созулган турнирге 6 команда катышты. Кубокту Ош шаарынын спорт мектебинен келген команда жеңсе, 2 –орунду Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин командасы, 3-орунду “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын командасы, ал эми 4 –орунду Өзбекстандын Фергана шаарынан келген командалар ээледи.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогуна арналган футзал боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык турнир алгачкы ирет өткөрүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз