17 май 2024

Кароолор: (177)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, баатыр энелер, шаардык кеңештин депутаттары, ар тармакта иштеген энелер, шаар тургундары катышты.

 Шаар мэри энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.

 Майрамдык иш-чарада энелерге арналып концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 269 “Баатыр эне”, 50 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз