18 май 2023
Кароолор: (67)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 18-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дйшеев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, баатыр энелер, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан айымдар катышты.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: “Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу жана үйүбүздүн куту”,-экенин белгилеп, бир катар энелерге сыйлыктарды тапшырды.
Жалал-Абад шаарында жыл сайын 150 энеге майрамга карата жергиликтүү бюджеттен 500сомдон акча каражаты бөлүнөт.
Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 239 “Баатыр эне”, 46 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.