18 март 2024

Кароолор: (69)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН ЖҮРҮҮЧҮ АВТОУНААЛАР ЧЫГАРЫЛАТ

 Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

 Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Кытайдагы “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co, Ltd”компанияларынын жетекчилери катышты.

 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алдын ала наркы 4 млн. АКШ долларын түзүп, тараптар жумуштарды ушул жылдын апрель айынын орто ченинде баштоону пландаштырууда.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз