22 май 2024

Кароолор: (118)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

20-майда Жалал- Абад шаарындагы Барпы театрынын алдындагы аянтчада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эл аралык музейлер күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

 Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейинин жетекчиси Зарниса Шериева, тарыхчылар, агартуучулар жана шаар тургундары катышты.

 Иш - чаранын алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда шаардагы өндүрүштүк ишканалар өндүргөн продукциялар, көркөм - сүрөт мектебинин окуучулары тарабынан тартылган сүрөттөр, шаардагы музейдин экспонаттары көргөзмө - жарманкеге коюлду.

 Белгилей кетсек, 1977 - жылдан бери 18- майда өлкөдө эл аралык музейлер күнү белгиленип келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз