17 март 2025

Кароолор: (51)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК «BARCA ACADEMY CUP» ТУРНИРИ БАШТАЛДЫ

 Турнирдин ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков катышып, жаш спортчуларга ийгиликтерди каалашты.

 Аталган эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 12, 13, 14 жаш курактагы өсүрүмдөрдөн турган 24 команда катышууда. Турнир 20-март күнү жыйынтыкталат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз