03 июнь 2024
Кароолор: (78)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, аталган жайда тарбияланган балдардын жакындары катышты.
Шаар мэри балдарды майрамы менен куттуктап, майрамдык белектерди тапшырды.
Майрамдык иш-чара Барпы театрынын алдындагы аянтта да уюштурулуп, балдар үчүн спорттук мелдештер, ар кандай сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Ошондой эле, балдарга акысыз балмуздактар таратылды.
Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген 1006 балага жергиликтүү бийлик тарабынан майрамга карата 500сомдон акча каражаты которуп берилип, 30-майда 350 бала муниципалдык "Данек" оюн-зоок борборунда акысыз ойнотулуп, демөөрчүлөр тарабынан шириндиктер таратылды.
Жалал-Абад шаарында 18 жашка чейинки курактагы 47450 бала бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз