27 август 2025
Кароолор: (5)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА «ЭКОТАКСИ» КЫЗМАТЫ ЖАНА ЭЛЕКТР УНААЛАРЫН КУБАТТООЧУ ЖАЙ АЧЫЛДЫ

26-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Спарк Юг” компаниясы тарабынан калаада экотакси кызматы иштеп баштады. Ал үчүн 30 даана электр унаалары сатып алынып, 10 даана электр унааларын кубаттоочу жабдуулар орнотулду.
Электр унааларын кубаттоочу жайлардын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду шаар бийлиги ар дайым колдой тургандыгын белгиледи.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 10 даана электр кубаттагычты орнотуу үчүн муниципалдык жер тилке бөлүп берген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз