05 июнь 2023
Кароолор: (52)
Жалал-Абад шаарында эки көчөгө жалпы узундугу 3 чакырым тротуар курулду

Жалал-Абад шаарындагы З.Жамашев жана Төрөгелди Балтагулов көчөсүнө мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан кеңдиги эки метр, жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн тротуар курулду.
Алдыда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Төрөгелди Балтагулов көчөсүнүн кеңейтилген бөлүгүнө асфальт төшөө, темир-бетон арык куруу иши жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу пландалган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз