02 сентябрь 2024

Кароолор: (23)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 33 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 31-август күнү Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшөеев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Майрамдык иш-чарада

шаардык маданият сарайы жана Т.Тыныбеков атындагы облустук филармониясы тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа тартууланды.

 Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк майрамынын экинчи бөлүгү саат 20:00дө "Эркиндик" аянтында белгилүү ырчылардын коштоосунда чоң программадагы концерт менен уланат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз