17 апрель 2023
Кароолор: (71)
Жалал-Абад шаарында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында диний экстремизм жана терроризм, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, милиция кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун дарыгерлери жана шаар тургундары катышты.
Жыйында милиция кызматкерлери тарабынан диний экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берилип, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча талкуу жүрдү.