11 апрель 2024
Кароолор: (102)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

9- апрелде Жалал-Абад шаарында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, мэриянын Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ийгилик жараткан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
2023-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарынын спортчулары 81 республикалык , 36 эл аралык, 8 Азиялык жана 6 Дүйнөлүк чемпионаттарга катышты. Жалпысынан шаардын спортчулары 184 байгелүү орундарга ээ болушуп, 52 алтын 59 күмүш, 73 коло медаль тагынышты.
2023-жылы ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо үчүн 32 адамга шаардын бюджетинен 2 млн.275 миң сом акча каражаты бөлүндү.
Учурда Жалал-Абад шаарында 2 стадион, 3 олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар- өспүрүмдөр спорт мектеби, 2 балдар- өспүрүмдөр спорт мектеби жана Жогорку орто окуу жайлардын 18 спорттук залы, 26 спорт аянтчасы, 12 жеке менчик, 4 мамлекттик кичи футбол аянтчасы, 3 заманбап спорт зал бар.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрель-Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз