27 март 2025

Кароолор: (74)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БЫЙЫЛ ЖАЗЫ ЖАЛБЫРАКТУУ 3000 КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛАТ

 26-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Президенттин "Жашыл мурас" Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Көк-Арт кичи районундагы Фабричный көчөсүндө көчөт отургузууга катышты. Шаар башчысы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын жетекчисине көчөттөрдү батыраак эгип, алардын куурап калуусунун алдын алуу боюнча алгылыктуу иш алып баруу тапшырмасын берди.

 Белгилей кетсек, 2025-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3000 түп жазы жалбырактуу (каштан, чынар, эмен) дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган. Учурда анын 50%ы отургузулду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз