06 май 2024

Кароолор: (20)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА БОКС БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ДОСТУК БЕТТЕШИ БОЛУП ӨТТҮ

 4-май күнү, Жалал-Абад шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда бокс боюнча эл аралык достук беттеши өттү. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан жалпы 14 мушкер 7 салмак боюнча күч сынашты.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар да конок катары катышып, спортчуларды ийгиликтери менен куттукташты.

 Достук беттеши мэриянын дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшкөн.

 Белгилей кетсек, турнирдин негизги беттешинде Кыргызстандан Нурадин Рустамбек уулу менен Орусиялык Шевчук Денис күч сынашып, Нурадин татыктуу түрдө жеңишке ээ болду.

 Турнирдин жеңүүчүлөрүнө медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз